Ысык-Көлдө үйүнөн чыгып кеткен жаран изделүүдө





Түп айылынын 78 жаштагы Ж.Ж. аттуу тургуну 17-ноябрда үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келбегендигине байланыштуу жакындары 19-ноябрь күнү райондук ӨКБга кайрылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМдан 13 куткаруучу, ИИМден 10 жана жергиликтүү тургундардан 16 адам тартылып, Түп суусунан жана жээктеринен издешкен.
"Бүгүн, 20-ноябрда кайрадан издөө иштерине жергиликтүү тургундар жана ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте ӨКБдан 8 куткаруучу чыгышты",- деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.