super.kg logo

Өзбекстан мунай көз карандысыздыгына жетүүгө ниеттенүүдө

 

Өзбекстан 2-3 жылда мунай көз карандысыздыгына жетүүнү мерчемдөөдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев, 17-ноябрдагы жыйын учурунда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Сурхандарыяда жалпы суммасы 3,3 миллиард долларды түзгөн төрт жаңы ири өнөр жай долбоору менен таанышып чыкты.

"Мен элибиз жакшы жашасын деп анын жүгүн жеңилдетүү үчүн абдан чоң максаттар жана так пландар менен быйыл Сурхандарыяга үчүнчү жолу келдим", - деген Мирзиёев.

Анын ичинде 2024-жылы ишке кирише турган Байсун газ-химиялык комплекси бар. Ал жерде жылына 5 миллиард кубометр газ тазалоо, жаратылыш газын жана күкүрттү өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары өзбек бийлиги геологиялык чалгындоолорду кеңейтип, дагы 100 миллиард кубометрге жаңы газ запастарын ачып, 2-3 жыл аралыгында мунай көз карандысыздыгына толугу менен жетүүгө ниеттенүүдө.

"Ушул тапта бул комплексте 7 миң киши иштейт. Мирзиёевдин тапшырмасы менен комплексте кооперация түзүлүп, коңшу райондордун жашоочулары үчүн 2 миңден кем эмес жогорку кирешелүү жумуш орундары түзүлөт",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Казакстандын аймагы аркылуу Орусиядан Өзбекстанга мунай ташууну 1 миллион тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Бул ушул жылга салыштырмалуу үч эсеге көп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: