super.kg logo

АКШнын бийлиги жапайы чочколор менен күрөшүүнүн жолдорун издөөдө

 

АКШ өкмөтү Миннесота штатында жашаган жапайы чочколордун (Кабан) чабуулуна даярдана баштады. Бул тууралуу MPR News чет элдик басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган штатта жапайы чочколордун саны өсүүдө. Алар айыл чарба, токойлор жана Түндүк Америкада жашаган башка жапайы жаныбарлар үчүн өтө кооптуу.

"Кабандардын бир нерсени казуу жана тамырын жулуп салуу адаты жапайы жаныбарлар жашаган бүт аймактарды талкалап салышы мүмкүн. Буга байланыштуу бийлик мындай жаныбарлар менен күрөшүүнүн жолдорун издөөдө. Айыл чарба департаменти тургундардан жапайы чочколордун болжолдуу жайгашкан жерин кабарлоону суранат", - деди Миннесота штатынын айыл чарба департаментинин өкүлү Лесли Макиненли.

Кабандар тамак издеп канаттуулардын уяларын дагы бузуп, кээде кичинекей жапайы жаныбарлардын чөйрөсүн жок кылууда. Ошондой эле мындай жаныбарлар үйдө багылган малга да коркунучтуу ооруларды алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар бар.

"Миннесотадагы көпчүлүк жапайы чочколор - мурдагы үйдө багылган үй жаныбарлары. Алар качандыр бир мезгилдерде фермадан качып же атайын талааларга коё берилген" - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, чочколорду Түндүк Америкага 16-кылымда азык-түлүк булагы катары багуу үчүн алып келишкен. 20-кылымда аларды кээ бир аймактарда жапайы жаратылышка коё бере башташкан. Ошондон бери бул жаныбарлардын саны өсүп, азыркы тапта жалпы алты миллионго жетти. Алар АКШнын Миннесота, Висконсин жана Түндүк Дакота сыяктуу 35 штатында жердешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: