super.kg logo

Францияга 14:00гө утулган гибралтарлык оюнчу машыктыруучусу коркутуп келгенин айтты

 

Ишемби күнү француздардан рекорддук эсеп менен 0:14 эсебинде жеңилип калган Гибралтар курама командасынын оюнчусу команданын машыктыруучусу Хулио Рибасты коркутуп-үркүтүүгө жана бейбаштыкка айыптады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Франциядагы беттеш ишемби күнү "Евро-2024кө" тандоо турниринин алкагында өткөн. Анда Гибралтар курамасы 14:0гө жеңилген. Бул жеңилүү аталган кураманын Европа чемпионаттарынын тарыхындагы эң ири жеңилүүсү болду.

Басылма Францияда жүргөн улуттук кураманын атын атабаган оюнчусуна шилтеме жасап, Гибралтар курама командасында бир нече айдан бери терс маанай өкүм сүргөнүн билдирди.

"Кээ бир оюнчулар Рибастан тынымсыз коркутуп-үркүтүүлөрүнө дуушар болуп келишкен. Ал оюнчуларды чакырып, аларга улуттук курамага чакырылышы үчүн айрым клубдар менен келишим түзүүнү сунуштаган. Ал ошондой эле кээ бир оюнчуларды улуттук курамадан кетирем деп коркуткан", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: