super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда Токио шаарында Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, анда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечеги, анын ичинде “Япония +Борбор Азия” форматы талкууланды.

Фумио Кисида Кыргызстан менен бир катар багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде президент Жапаров бүгүн кол коюлуп жаткан жаңы саясий документти – Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө Биргелешкен билдирүүнү өзгөчө канааттануу менен белгиледи.

"Бул документ эки мамлекеттин ортосундагы достуктун жана мамилелердин тарыхында жаңы доордун, жаңы барактын башталышын билдирет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүү маселесин кароо сунушталды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары тараптар инвестицияларды өз ара коргоо боюнча келишимге кол коюуну иштеп чыгууга макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: