super.kg logo
  Саясат  

Шайлоого катышпагандарга айып салынат. Мыйзам долбоору тармактык комитетте биринчи окуудан өттү

 

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзамдын демилгечиси депутат Тазабек Икрамов. Ал шайлоого катышпагандарга 5 миң сом айып пул салууну сунуштоодо.

Айрым депутаттар бул кыргызстандыктарды шайлоого катыштыруу үчүн жакшы жол дешсе, кээ бири мажбурлоо туура эмес деп жатышат.

Икрамов мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берүүнү өтүнүп, айып салуу сөзсүз түрдө болушу керек эместигин, депутаттар жарандарды шайлоого келүүгө кызыктырган башка жолдорду сунуштаса, эске алынарын билдирди.

Талкуу маалында мыйзам долбооруна Министрлер кабинети, Юстиция министрлиги жана Башкы прокуратура терс корутунду берип, каршы чыгышты. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы бул демилгени колдоо чечимин кабыл алды.

Мыйзам долбоору 13-июлда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлган.

Буга чейин БШКнын төрайымы мындай демилгеге каршы чыккан. Нуржан Шайлдабекова шайлоо - милдет эмес, укук экенин белгилеген.






Жогорку Кеңеш 21.11.23.

Жогорку Кеңеш 21.11.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: