super.kg logo
  Саясат  

Президенттин кийинки сапары Беларуска болот

 

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Беларустун Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалымдалгандай, аталган сессия Беларусь президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтөт. Анда уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасайт.



"Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулап, алдыда турган милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Беларустун уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Казакстандын 2024-жылы боло турган төрагалыгынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматты угушат”, - деп белгиледи Азымбакиев.

Эскерте кетсек, президенттин Японияга болгон сапары жыйынтыкталып, бүгүн, 21-ноябрда Бишкекке кайтып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: