super.kg logo
  Саясат  

Европада соттолгон мекендештерди алып келүүгө жол ачкан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

 

Бүгүн, 22-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ага ылайык, Европада соттолгон кыргызстандыктарды мекенине которуу мүмкүнчүлүгү жаралат, тагыраагы, мыйзам долбоору кабыл алынса Кыргызстан соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга кошулат.

Аталган мыйзам долбоорун башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева тааныштырды.

"Соттолгон адам башка өлкөгө өзүнүн же кызыкдар болгон мамлекеттин макулдугу менен берилиши мүмкүн. Кайсы өлкөнүн жараны болсо ошол жакка гана өткөрүлүп берилет. Кабыл алган өлкө жазаны жеңилдетүүгө, ырайым кылууга укуктуу. Бирок өкүмдү кайра карай албайт", - деди Коңкубаева.
Ошондой эле ал Европа мамлекеттери менен кандайдыр бир келишимдик, укуктук-база жоктугун, бул соттолгондорду өз өлкөсүндө жаза мөөнөтүн өтөө үчүн которуп келүүдө кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтты.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: