Мамлекеттик кызматкерлер Японияга акысыз окууга жөнөтүлөт

Жыйында аталган мыйзам долбоору менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырды. Ал белгилегендей, JICA тарабынан берилген стипендиялык программа 2007-жылдан бери ишке ашырылып келет.
Япония Кыргызстанга окуу үчүн 20 квота берет: магистратурага 19 квота жана докторантурага 1 квота. Окууга эки жылдан кем эмес иш стажы бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жиберилет. Аларга Япониянын алдыңкы университеттеринде билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Долбоор 2024-2027-жылдарга каралган, баасы 324 миллион йен (болжол менен 193 миллион сом).
Баяндамачы депутат Камила Талиеванын суроосуна жооп берип жатып Японияда ар кандай багыттар боюнча жалпысынан 297 стипендиат окуудан өтүп, учурда алардын 70 пайызы мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп жатканын маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

