super.kg logo
  Саясат  

Оң рулдуу унаалар менен такси кызматында иштөөгө уруксат берүү мөөнөтүн узартуу демилгеси четке кагылды

 
Бүгүн, 22-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында оң рулдуу унаалар менен такси кызматында иштөөгө уруксат берүү мөөнөтүн узартуу демилгеси биринчи окууда четке кагылды.
Мыйзам долбоорун депутаттар Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, Нуржигит Кадырбеков, Алишер Козуев, Медер Алиев, Эрулан Кокулов, Сеид Атамбаев, Мейкинбек Абдалиев иштеп чыккан. Алар 2030-жылга чейин тыюу салбай турууну демилгелеген.
Жыйында баяндама жасаган эл өкүлү Дастан Бекешев оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта айдоого тыюу салуу жөнүндө ченем иш жүзүндө аткарылбай жаткандыгын белгиледи.
"Аны көзөмөлдөө механизми жок жана бир топ көйгөйлөрдү жаратат. Ошон үчүн тыюуну 2030-жылга жылдырсак. ИИМ оң рулдуу унаалар менен аймактарга киши ташууга тыюу салалы, шаар ичине уруксат берели деген. Тилекке каршы, өкмөт терс корутунду берди. Комитетте да колдоо тапкан жок", - деди Бекешев
Ошондой эле ал мыйзам долбоору четке кагылган күндө да тыюу салуу чечими иштебей турганын, иштесе да коррупцияга жол ачарын кошумчалады.
Натыйжада эл өкүлдөрүнүн көбү бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, биринчи окуудан четке какты.





Жогорку Кеңеш 22.11.23.

Жогорку Кеңеш 22.11.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: