super.kg logo
  Саясат  

ТИМ башчысы Минскте өткөн бир катар жыйындарга катышты

 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Минск шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймактарындагы аскердик-саясий кырдаал жана сессиялар аралык мезгилдеги уюмдун ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

2024-жылдын 1-январынан тартып ЖККУга төрагалык кылуу Казакстанга өткөндүгүнө байланыштуу казак тарап келерки жылдагы ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары менен тааныштырды.

Биргелешкен жыйындын жыйынтыгында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин “Жаңы аскердик-саясий шарттарда евразиялык мейкиндиктин коопсуздугун камсыздоого карата мамиле жөнүндө” билдирүүсү кабыл алынды жана Уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого боюнча, ошондой эле кадр жана каржы маселелери тууралуу бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында Минск шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумунун мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталган документтердин долбоорлору жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: