super.kg logo
  Саясат  

Жапаров: "Кыргызстан материалдык-техникалык жактан абдан күчтөндү"

 

Кыргызстан материалдык-техникалык жактан абдан күчтөндү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Айыл чарбасына лизингге 2431 техника берилди. Саламаттык сактоого 335 тез жардам жана санитардык унааларды сатып алдык. Энергетика министрлигине 261 техника алынды, анын ичинде электр станцияларына 124, Кыргыз көмүргө 73. Транспорт министрлиги 298 техникага ээ болду, кыргыз темир жолуна 100 полу вагон келди.

Ички иштер министрлигине 274 унаа берилди, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 702, анын ичинде 400 өрт өчүрүүчү машина, 3 тик учак алдык. Бишкекке 644, Жалал-Абадга 50 автобус келди, Таласта 85 техника алынды. Нарынга 3 жылдын ичинде 125 машина бердик. Кыргызстан боюнча бардык акимдер 100 пайызы, айыл өкмөттөр 90 пайызы унаалуу болду”, - деди Акылбек Жапаров.

Мунун баары иштин эффективдүүлүгү үчүн маанилүү. Маселен, Бишкекте өрт өчүрүүчү унаалар мурда 2 тонна суу көтөрсө, азыр 6-8 тонна суу менен чакыруу түшкөн жерге 5 мүнөттүн ичинде жетүүгө мүмкүн болгонун, ал эми тез жардам унаалары мурда 40 мүнөткө созулса, азыр 15-20 мүнөттө жетерин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: