"Өзү сурабайт". Акбөкөн Таштанбеков Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун күчөтүүнү суранды (видео)
Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун күчөтүүнү суранып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды.
"Ташиев мырза криминал менен дагы, баары менен күрөшүп жатат. Мамлекет бул кишинин үй-бүлөсүн кайтарганга кандайдыр бир чара көрүп жатабы? Бул киши өзү силерден сурабайт, биз өзүбүз кайтарышыбыз керек. Себеби мына жыйынтыкты көрүп жатабыз", - деди Таштанбеков.
Өз кезегинде Акылбек Жапаров буга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.
"Буга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Камчыбек Кыдыршаевичтин дагы, үй-бүлөсүнүн дагы кыл чачын жерге түшүргөнгө эч кимге мүмкүнчүлүк бербейбиз", - деди Акылбек Жапаров.
Акбөкөн Таштанбеков Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун күчөтүүнү суранды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

