super.kg logo
  Саясат  

Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолу качан бүтөт? Жапаровдун жообу

 

Келерки жылы Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолунун реалдуу курулушу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Геосаясат өзгөрүп, альянстар бөлөкчө болуп, бизге бир топ тоскоол болуп жатат. Бул жол бизге, Өзбекстанга керек. Биз азыр акчаны издеп жатабыз. Камбар-Ата 1ге биринчи 500 миллион долларды таптык. Казарманга чейинки аралыкты Кытай өзү куруп баштады. Казармандан баштап Жалал-Абадга чейинки аралык үчүн акчанын булактары Өзбекстан менен чогуу аныкталып жатат. Кыш-жаз мезгилинде акча маселесин аныктап алсак, келерки жылы курулушту баштайбыз", - деди Жапаров.

Түлөбаев өз учурунда аталган жолдун маанилүүлүгүнө токтолуп, анын артында бюджетке акча келе турган долбоор экенине токтолду.

Эскерте кетсек, ушул тапта Жогорку Кеңеште 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча отчёту каралып жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон бардык мүчөлөрү катышууда.






Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолу качан бүтөт? Жапаровдун жообу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: