super.kg logo
  Саясат  

Мирлан Самыйкожо: "Машинаны 30 жыл мурда эле от алдырып койсоңор болмок, азыр жарым жолго келип калмакпыз"

 

Машинаны 30 жыл мурда эле от алдырып койсоңор болмок, азыр жарым жолго келип калмакпыз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Мирлан Самыйкожо билдирди.

Ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчёту жакшы болгонун белгиледи.

"Эл дагы мындай отчётту көргөндө күчтүү мамлекет болот экенбиз деп ишенип калат деп ойлойм. Сөзүңүздүн аягында жаңы от алган машина деп айтып кетпедиңизби. 30 жыл мурун эле от алдырып койсоңуздар, эмдигиче жарым жолго жетип калмак белек деген ой келип кеткен экен", - деди эл өкүлү.

Депутат мындай темп менен жумуштар жасала берсе чоң үмүттөрдү арттыра турганын айтты.

Эскерте кетсек, ушул тапта Жогорку Кеңеште 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча отчёту каралып жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон бардык мүчөлөрү катышууда.






Мирлан Самыйкожо: "Машинаны 30 жыл мурда эле от алдырып койсоңор болмок, азыр жарым жолго келип калмакпыз"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: