super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

 

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү санариптештирүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Өз сөзүндө Жапаров мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн ири багыты – мамлекеттик башкарууда санариптештирүү экендигин айтты.

“Толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттүк, бардык чечимдер санарип форматка өткөрүлөт. Маселен, бир депутаттын кайрылуусун системада кимдин колунда экенин көрүүгө болот. Мамлекеттик кызматтар санариптик форматта реалдуу ишке кирди. Түндүктүн мобилдик тиркемелери, справкалар, санариптик документтер, банктардын тиркемелери, каттоо, электрондук нотариат кеңири кирди. Ал гана эмес электрондук документтерди телефондон көрүүгө болот”, - деди төрага.

Ал санариптештирүү аркылуу жарандардын пропискасы боюнча гана эмес, ким канча бензинди керектегенин дагы билүүгө болорун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: