super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Бишкектин мэри жолдордогу тыгын маселесин чечпесе, иштен алына турганын айтты

 

Эгерде Бишкек шаарынын мэри биринчи квартал ичинде жолдордогу тыгын маселесин чечпесе, иштен алынат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жыйында бул көйгөйдү депутат Марлен Маматалиев көтөрдү.

"Бишкекте түштүк менен түндүктү бириктирген 39 көчө бар. Калаанын ортосунда темир жол бар. Бирок 9 эле жерде темир жол өтмөктөрү бар. Эрте менен жана кечинде бардык унаалар ушул жерге келип тыгылат. СИЗОлорду сыртка чыгарып жатпайбызбы, ушул темир жолду дагы сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүк барбы?", - деди эл өкүлү.

Жапаров өз сөзүндө генералдык план боюнча темир жол сыртка чыгарыла турганын билдирди.

"Биринчи кварталдын ичинде Айбек Жанышбекович маселени чечпесе, жумуштан кетет. Аны чечүү үчүн каражат керек болсо бөлүп бергени даярбыз", - деди Жапаров.

Эске салсак, Айбек Жунушалиев Бишкектин мэри болуп 31-октябрда дайындалган.






Жапаров Бишкектин мэри жолдордогу тыгын маселесин чечпесе, иштен алына турганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: