Казакстанда сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыздар кармалганы айтылууда (видео)
Коңшу Казакстандын Алматы шаарында чет элдик сойкулар кармалды. Бул тууралуу Алматынын полиция кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазышты.
Полиция кызматы кармалгандардын ичинен төрт кыз жоопко тартылганын билдирди.
"Атайын операциянын алкагында шаардык мейманканалардын биринде интимдик кызмат көрсөткөн 11 кыз аныкталды, алардын төртөө Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандары. Алар 1997, 2000 жана 2003-жылы туулган жарандар болгон", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, 14-ноябрдан тарта Алматыда чет элдик жарандар тарабынан Казакстанда жүрүү эрежелерин бузуу фактыларын аныктоо, ошондой эле мыйзамсыз миграциянын каналдарын жана чет элдиктерди мыйзамсыз тартуу фактыларын аныктоо боюнча окуулар жүргүзүлүүдө.
Казакстанда сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыздар кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.