Башкы прокуратура Теңиз Бөлтүрүк канча акча кайтарганын айтты

Анда депутат Улугбек Ормонов коомчулукта "Бөлтүрүк мамлекеттен миллиарддап уурдап, бирок 800 миң сом айып менен эле кутулуп кеттиби?" деген суроо жаралып жатканын айтты.
Ага Коңкубаева туура эмес маалымат тарап жатканын билдирди.
"Теңгиз Бөлтүрүк болгону жасаган кылмышы үчүн жазасын алды. Ал айыпталган берене боюнча эң жогорку айып пул 800 миң сом болчу", - деди ал.
Эске салсак, 21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту үй камагындагы Теңгиз Бөлтүрүктү 800 миң сом айып төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарган.
Сот прокурор менен айыпталуучунун ортосунда күнөөсүн моюнуна алуу тууралуу макулдашуу болгонун айтып, мындайда ал камалбай турганын белгилеген.
Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 миллиард 146 миллион сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган.
30-апрелде Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарган.
Башкы прокуратура 1-майда Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден 844 миллион 512 миң 858 сом өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.
Жогорку Кеңеш 23.11.23.
Жогорку Кеңеш 23.11.23.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:14
2025-07-29

Рейтинг:
0

