super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Беларуска болгон иш сапары аяктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 22-23-ноябрда Беларуска болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Минск шаарында Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.

Анда өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты, ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүнү арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Иш сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышты.

Сессия Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өттү.

Президент Жапаров тар форматтагы сүйлөгөн сөзүндө жолугушуунун күн тартибине уюмдун мындан аркы өнүгүүсү үчүн да, тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту сактоодо ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү үчүн да актуалдуу болгон маселелер камтылганын белгиледи.

Жамааттык Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташты, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышты.

2024-жылдын 1-январынан баштап ЖККУдагы төрагалык Казакстанга өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: