super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Азербайжанга жетти. Президентти кандай тосуп алышты? (видео)

 

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-ноябрда БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен келди.

Мамлекет башчынын борту Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна СПЕКАга мүчө мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Садыр Жапаровду биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: - тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; -

Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым Укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев;

- Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси - Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Омор Султанов;

- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.






Садыр Жапаров Азербайжанга жетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: