Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өлкөдө көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору 23-ноябрда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи депутат мыйзам долбоору алдамчылыкка жол бербөө максатында иштеп чыкканын белгилейт.
Анын пикиринде, турмуштук татаал кырдаалда турган жарандар көп учурда экстрасенс жана сыйкырчыларга кайрылып, жыйынтыгында аларга алданып жапа чегүүдө.

Мындан улам шамандык, төлгө салуу, спиритизм, көзү ачыктык жана магияны интернет же ЖМКлар аркылуу жарнамалоого чек коюу сунушталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:14
2025-07-29

Рейтинг:
0

