Ырчы Бахадыр Карабаев 47 жашында каза болду
Ырчы Бахадыр Карабаев каза болду. Бул тууралуу анын санаалаштары билдиришти.
"Жаш Кыял" тобунун жетекчиси 47 жашта болгон.
Маркум "Ананайын", "Алтыным", "Гүлмира", "Махабат", "Салфия", "Унутчу мени" ырлары менен белгилүү.
Кошумчаласак, ушул жылдын июль айында ырчы "Супер-Инфо" гезитине маек берип, анда "Жаш кыял" тобун эл сагынганын жана ретро-концерт уюштурууну максат кылып жатканын айткан.
SUPER.KG порталы Бахадыр Карабаевдин каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.