super.kg logo
  Саясат  

Электросамокат айдоо эрежесин бузгандарга айып пул салуу сунушталууда

 
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев электросамокат айдоо эрежесин бузгандарга айып пул салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору 23-ноябрда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Демилгечи депутат мыйзам долбоору жол кыйымылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгилейт.
Анын пикиринде, мыйзам кабыл алынса, жол кырсыктарынын санынын төмөндөөсүнө, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларынын аң-сезимдүү мамилесин жана жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө болот.
Эгер ал күчүнө кирсе самокат, скейтборд, гироскутер, сигвей жана монодөңгөлөк тебүү эрежелерин бузгандарга 500 сом өлчөмүндө айып салынат. Эгер 6 айдын ичинде экинчи ирет эреже бузганы катталса 2 миң сом айып пул төлөйт.
Ал эми техникалык талаптарга жооп бербеген (бузук же чала оңдолгон) электросамокаттарды ижарага берип, анын кесепетинен адамдар жаракат алса жеке жактарга 8 миң, юридикалык жактарга 13 миң сомдук жаза берилет.
Белгилей кетсек, Маматалиев буга чейин электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун да сунуштаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: