super.kg logo

"Шерматова Малика". Ырчы Малика Дина атасынын фамилиясына өтөрүн айтты

 
Эстрада ырчысы Малика Дина концертинде жакында фамилиясын Шерматова деп өзгөртөрүн айтты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Анда ал атасынын жанында туруп: "Учурдан пайдаланып айтып калайынчы, жакында эле апам мага "Кызым, фамилияң атаңдыкы болбосо сен ата-тегиңден бата ала албайт экенсиң" деди. Ошондуктан жакында мен Шерматова Малика болом", - деди ал.

2021-жылы Малика Дина атасы Абдумалик Шерматовго жолугуп, бир туугандары менен жакындан таанышкан. Ата-кыздын жолугушуусун баяндаган видеону Абдумалик Шерматов социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Андан Малика Дина атасынын үйүнө барганын, бир туугандары менен жакындан таанышканын көрүүгө болот.

Абдумалик Шерматов кубанычы ичине батпай жатканын, ал сезип жаткан бактылуулукту башкалар дагы сезүүсүн билдирет. Айтымында, ушул жылдар аралыгында жубайы, балдары, кыздары "Малика качан келет?" деп күтүп жүрүшкөн. "Кызым, келгениңе рахмат. Биздин тилегибиз аткарылды. Демек, биздин ниет ак болгон экен", - деген Шерматов.





27.11.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: