Канадада ок атышуудан 3 адам каза болду
Канаданын Манитоба провинциясынын борбору Виннипег шаарында атышуу болуп, үч адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 26-ноябрда орун алган. Полиция кызматкерлери таңкы 4тө чакырылып, ок атышуудан 5 адам жабыркаганын аныктаган. Алардын ичинен бир аял жана эркек киши жеринен мерт кеткен. Үчөө ооруканага жеткирилип, кийинчерээк дагы бирөө каза болгон. Калган экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын абалы оор деп бааланууда.
Укук коргоо органдары бул кылмышка байланыштуу шектүүнү кармай элек. Учурда тергөө иштери жүрүүдө жана каза болгондордун аты-жөнү такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:38
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.