super.kg logo

Асылбек Маратов республикалык айтышта баш байгеге ээ болду

 

Кечээ, 27-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.

Ага ылайык, айтыштын тандоо турунан өткөн 14 акындын ичинен Асылбек Маратов баш байгеге ээ болуп, 150 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Ал эми биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу (120 миң сом), экинчини Мамбеттокто Мамбеторозо (100 миң сом), үчүнчү орун Баян Акматов татыды (80 миң сом). Ал эми айтышка катышкан калган 10 акын 45 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык катары акчалай байге менен сыйланды.

"Акчалай сыйлыктан сырткары акындарга Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Жумгал райондук администрациясынын атайын сыйлык жана ардак грамоталары тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине карата өткөн айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы биргеликте президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында уюштурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: