super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров адам укуктары жаатындагы протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

 

Президент Садыр Жапаров "2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам 2023-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү болуп саналат.

Протокол Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө жобону жана 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясын кабыл алуу жана күчүнө кирүү тартибин чектейт.

Бул өзгөртүүлөр Конвенциянын катышуучулары болуп эсептелбеген мамлекеттер да катыша ала тургандыгынын эсебинен түзүлүүчү комиссиянын субъекттик курамын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: