super.kg logo

MEGA компаниясында «Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы» аталышындагы иш-чара өттү

 

MEGA компаниясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган үч айлыктын алкагында “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгынын урунттуу учурларын чагылдырган чакан видеороликти көрсөтүүдөн башталды. Андан соң «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын сахналаштырылган үзүндүсү коюлуп, сөзү залкар жазуучунун калемине таандык болгон «Ысык-Көлдү сагынуу» обондуу ыры жаңырды. Кыргыз тили жөнүндө ыр саптары да айтылды. Чогулгандар кыргыз бийине күбө болуп, ал эми «Ильяздын ырын» бардыгы чогуу ырдашты. Бардык номерлер компаниянын кызматкерлери тарабынан даярдалган.

Мындан тышкары, кыргыз маданиятын жана тарыхын чагылдырган, ата-бабаларыбыз колдонуп келген нукура буюмдар коюлган этно-көргөзмө уюштурулду. Маңкурттун элеси чагылдырылган экспонат тууралуу кызыктуу баянга күбө болгон чогулгандардын көз алдына Жоломан менен Найман эненин аянычтуу тагдыры элестеди.

MEGA компаниясы тарабынан Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен биргеликте бир катар долбоорлор ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө компания кыргыз тилине арналган иш-чараларга колдоо көрсөтүп келет.

2023-жылы мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргыз киносуна арналган «Кыргыз керемети» аталышындагы корпоративдик календарын иштеп чыккан. «Кыргыз кереметине» он классикалык кинотасма камтылган болсо, алардын басымдуу бөлүгү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылгандыгы баарыбызга маалым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: