super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Лондон фондулук биржанын президенти Том Атеборроу менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында Лондон фондулук биржанын президенти Том Атеборроу менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Акылбек Жапаров дүйнөлүк масштабдагы эң эски жана эң ири баалуу кагаздардын соода аянтчаларынын биринин бүгүнкү сессиясын ачты.

Андан соң Лондон фондулук биржасына келген сыйлуу коноктор үчүн коюлган китепчеге кол тамгасын калтырды.

Анын арты менен министрлер кабинетинин төрагасы эл аралык инвестициялык банктардын өкүлдөрү менен “жашыл” евробонддорду чыгаруу жана кыргызстандык компаниялардын IPO'го чыгышы боюнча сүйлөштү.

Акылбек Жапаров Улуу Британияга болгон жумуш сапарынын алкагында британиялык жана эл аралык каржы институттары жана компаниялары менен ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталганын билдирди.

Жаңы тышкы чакырыктарды, энергетикалык жана транспорттук инфраструктурадагы ири улуттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча милдеттерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жаңы экономикалык программаны иштеп чыгууга киришти. Программанын негизги багыттарынын бири – фондулук рынокту өнүктүрүү”, - деди Жапаров.

Ал муну менен Кыргызстан англиялык укуктун элементтерин, биринчи кезекте экономика жана финансы чөйрөсүнө киргизүүнүн артыкчылыктарын изилдеп жатканын кошумчалады.

Ал эми Лондон фондулук биржанын президенти Том Атеборроу фондулук рынокту өнүктүрүү жаатында биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: