super.kg logo

Бишкекте “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу республикалык жаштар форуму болуп өттү

 

Президент Садыр Жапаров “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу республикалык жаштар форумуна катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, форумдун катышуучулары - ишмердүүлүктүн ар кыл тармактарындагы активдүү жаштардын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, сөз алышты.

Ага ылайык, мамлекет башчысы чогулгандарга акыркы үч жылдагы жыйынтыктар жана өлкөдөгү болуп жаткан оң өзгөрүүлөр жөнүндө кыскача айтып берди. Ал негизги жетишкендикке - саясий коррупциядан арылууга өзгөчө басым жасады.

Мындан тышкары, ал жаштарга өзгөчө көңүл буруп, токтоло турган негизги багыттарды белгиледи.

"Өлкө башчы билим алып, татыктуу кесиптин ээси болуп чыгышы үчүн билим берүү менен кесипке даярдоо тутумун колдоону күчөтүүгө сөз берди. Экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат

Садыр Жапаров жаш ишкерлерди колдоо боюнча өзүнчө мамлекеттик программа иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин билдирди",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ал жаш муун өкүлдөрүн биргелешип иштеп, мыйзам үстөмдүгү орногон, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн коомду курууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: