super.kg logo

Финляндия Орусия менен чек арасын жапты

 

Финляндиянын бийлиги башпаанек издегендер үчүн Орусия менен чек арадагы бардык өткөрүү пункттарын жабууну чечти. Бул тууралуу Финляндиянын премьер-министри Петтери Орпо билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, өткөрүү пункттары 30-ноябрдан 13-декабрга чейин жабык болот. Чек ара аркылуу жүк ташууга гана уруксат берилет. Бирок башпаанек боюнча арыздар порттордо жана аэропорттордо гана берилиши мүмкүн. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башчысы Мари Рантанендин айтымында, эгер зарыл болсо, чектөөлөр дагы эки жумага узартылышы мүмкүн.

Буга чейин Евробиримдиктин Frontex чек ара агенттиги Орусия менен чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү үчүн Финляндияга кызматкерлерин жибергени маалымдалган. Штабдын курамына чек ара тозотунун кызматкерлери, башпаанек издеген адамдарды каттоо боюнча адистер, документтерди текшерүүчүлөр жана котормочулар кирет.

Ал эми Орусия Финляндиянын бул кадамын “провокациялык” деп сыпаттады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: