super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарынын мэри балатынын орнотулушу менен таанышты (фото)

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев баш калааны көрктөндүрүү маселеси боюнча кыдыруу өткөрдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Кабарлангандай, шаар башчысы "Ала-Тоо" аянтынын аймагын кыдырып, борбордун башкы балатысынын орнотулушу менен таанышты.

Калаа башчысы кыдыруу учурунда төмөнкү тапшырмаларды берди:

- шаардын бирдиктүү стилин иштеп чыгуу жана борборду жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштердин сапатына басым жасоо;
- "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы эски системанын чегинен чыгып, көрктөндүрүүдө заманбап ыкмаларды колдонуп, борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн эске алуу менен күзгү-кышкы бутоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле "Ак үйдүн"периметри боюнча сейил бактардын жана скверлердин ландшафттык дизайнын иштеп чыгуу;
- "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына 2024-жылы Раззаков көчөсүндөгү тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү;
- туунун айланасындагы тосмолорду эстетикалык көрүнүшкө ылайык келтирүү, анткени бул аймак шаардын борбору болуп саналат;
- Ала-Тоо аянтынын аймагындагы гүл идиштердин эстетикалык көрүнүшүн шайкеш келтирүү;
- борборду натыйжалуу көрктөндүрүү системасын иштеп чыгуу;
- келечекте шаардын бардык аймагында окшош долбоорлорду колдонуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: