super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Лондондун лорд-мэри Майкл Майнелли менен жолукту

 

Бүгүн, 29-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландияга Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында Лондон шаарынын лорд-мэри, “City of London” корпорациясынын башчысы Майкл Майнелли менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, алгач Акылбек Жапаров Майнелли мырзага Кыргыз бийлигин жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Улуу Британия менен экономикалык багытта эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө артыкчылык берерин айтты.

“Мен жеке өзүм Лондонго эл аралык “MINEX” конференциясына катышууга, ошондой эле британиялык жана эл аралык потенциалдуу өнөктөштөрдү Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга жеке чакыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн келдим”, - деди Жапаров.

Жапаров ошондой эле Кыргызстандын министрлер кабинети өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган бир катар чараларды кабыл алганын кошумчалады.

“Биз бизнес чөйрөсүн жакшыртуу, каттоо жана лицензиялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү, чет элдик инвесторлор үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Азыркы этапта бизде чет элдик инвесторлорду тартуу боюнча жигердүү иштер аткарылууда. Майнелли мырза, Сиз аркылуу мен британиялык инвесторлорду жана ишкерлерди эки тарапка тең пайдалуу шарттарда кызматташууга чакырам”, - деди төрага.

Өз кезегинде Лондондун лорд-мэри Майкл Майнелли британ компаниялары өз кеңселерин буга чейин Кыргызстандын аймагында ачканын жана мындай багыттагы иштер улантылаарын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташуусу жогорку деңгээлге жетээрине ишенээрин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: