Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга унаа айдоого тыюу салынышы мүмкүн
Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн бир нече тыюу салууларды киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамсыз мигранттар айдоочулук күбөлүк ала албайт, унаа айдай албайт, акча которо албайт.
"Башкача айтканда, Ички иштер министрлиги мыйзамсыз мигранттар үчүн бир катар чектөөлөр менен көзөмөлдөнүүчү жүрүү режимин киргизүүнү сунуштоодо. Бул Орусияда жүргөн жана Орусияда болууга (жашоосуна) мыйзамдуу негиздери жок же болбосо атайылап жалган маалымат же документтерди берген чет өлкөлүк жаранга карата колдонулуучу укуктук режим", - деп айтылат документте.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.