Өлкөдө 5 айыл жана 3 айыл аймактын аталышы өзгөртүлөт (тизме)
Бүгүн, 29-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Эми ага президент кол койсо үч айыл аймактын аталышы төмөнкүдөй болуп алмаштырылат:
Баткен облусунун Көтөрмө айыл аймагы — Молдо Нияз,
Жалал-Абад облусунун Назаралиев айыл аймагы — Үч-Коргон,
Ысык-Көл облусунун Семенев айыл аймагы — Кожояр.
Мындан сырткары Жалал-Абад облусунун:
Дөш айылы — Тынчтык,
Дүкүр айылы — Достук,
Чек айылы — Ынтымак.
Ысык-Көл облусунун:
Комсомольское айылы — Кытай
Семеновка айылы — Кожояр-Ата деп аталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:14
2025-07-29

Рейтинг:
0

