super.kg logo
  Саясат  

Парламентте да убакытты бир саатка жылдыруу демилгеси көтөрүлдү

 

Бүгүн, 30-ноябрда парламенттин кезектеги жыйынында убакытты бир саат артка жылдыруу демилгеси көтөрүлдү. Мындай сунушту буга чейин Баткендин тургундары көтөрүп чыкканын айткан Миргүл Темирбаева сунушту карап чыгуу үчүн өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Ал өз сөзүндө Советтер союзу мезгилинде жай жана кыш мезгилдеринде саат жылдырылып турганын айтты. Ал эми Кыргызстанда саат акыркы жолу 2005-жылы алдыга жылдырылып, андан бери өзгөргөн эмес.

Депутат Кыргызстан убакыт боюнча Өзбекстан жана Тажикстандан бир саат алдыда экенин да кошумчалады.

"Элдин ден соолугу үчүн убакытты карап чыгууну сунуштайм. Шаарда балдарыбызды транспорт менен жибергенибиз менен айыл жеринде балдар бала бакчага же мектепке таң эрте барарда жолбун иттерге таланган учурларды угуп жүрөбүз. Балдар өтө эрте турганда саламаттыгына да терс таасири тиет деген адистердин аныктамалары бар. Ушулардын баарын эске алып, Кыргызстандагы убакытты бир саат артка жылдыруу сунушун карап чыгууну өтүнөм" ,- деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.






Парламентте да убакытты бир саатка жылдыруу демилгеси көтөрүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: