super.kg logo
  Саясат  

"Биздин жарандар жомокко жакшы ишенишеби...". Дастан Бекешев алдамчылык боюнча маселени көтөрдү

 

Алдамчылык боюнча маселе парламентте бир канча жолу көтөрүлдү. Бирок ага карабай элди алдап кеткендердин саны азайбай жатат. Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү, 30-ноябрдагы жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев көтөрдү.

"Сатурн менин конушум" деп аталган компаниядан жабыр тарткан жаран мага кайрылды. Алар ипотекалык турак жай беребиз деп жарандардан акча алып, жок болуп кетишиптир. Алар азыр Кыргызстанда жок, чет өлкөгө чыгып кетип, укук коргоо органдары аларга издөө жарыялашкан.

Мындай учурлар көп болот. Инстаграмды ачсаң дагы толтура жарнамалар жүрөт. Алардын шарттарын окуп күлкүң келет. Мен түшүнбөйм, биздин жарандар жомокко жакшы ишенишеби же ошончолук ишенчээк келишеби, иш кылып ишенип жүрүшөт. Эч нерсени текшербей эле, акчаны берип коюшат. Ошондуктан жарандарга кеңеш бере турган борбор ачуубуз керек. Ал жерге юристтерди, экономисттерди отургузсак, онлайн консультация аркылуу жарандарга жардам беришсе, алдын алууда бир топ эле жардам болмок", - деди депутат.






Дастан Бекешов алдамчылык боюнча маселени көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: