Спорт баяндамачысы Кубан Атабековдун 10 жылдык мааракесине арналган “Спорт-star” деген аталыштагы концерт аяктады (фоторепортаж)
Ырчылар жана спортчулар алгач кызыл килемден басып өтүштү. Биринчилерден болуп ырчы Омар менен кикбоксчу Ален Офойо кызыл килемден өтүп, сүрөткө түшүштү.


Ырчылар жана спортчулар алгач кызыл килемден басып өтүштү. Биринчилерден болуп ырчы Омар менен кикбоксчу Ален Офойо кызыл килемден өтүп, сүрөткө түшүштү.

Бактияр Токторов башында турган "Биз" тобу белгилүү улакчы, көк бөрү боюнча Кыргызстан курама командасынын капитаны Тилек Урманбетовдун коштоосунда килемден өтүштү.

Кыргызстандык белгилүү теннисчи Ксения Палкина менен Марат Ибраев.

Каныбек Осмоналиев кечеде Гүлнур Сатылганова менен ырдады. Бирок, башта ал кызыл килемден Күмөндөр Абылов менен өттү.

Белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Нурбек Аканов жубайы менен.

Күндүн каарманы Кубан Атабеков белгилүү балбан, "Бээжин-2008" Олимпиадасынын вице-чемпиону Канатбек Бегалиев менен маектешүүдө.

Кечеге катышкан коноктордун ичинде Юлия Руцкая да болду.

Ырчы Даниель спортко тиешелүү фондо сүрөткө түшүүдө.

Ксения Палкина теннис ойноор алдында күзгү менен иши болбосо керек. Анткени, спортто көбүнчө демди ичке катып, ой топтоого туура келет. Ал эми бул кечеде ал күзгүгө жакындан үңүлүп, сахнага чыкчу мезгилин толкундануу менен күтүп жатты.

"Береке" бий тобунун кыздары кезектеги бийин даярдап жатышат.

Кече спорттук бий менен башталды.

Ырчы Омар өзүнүн репертуарындагы "Кыргызстаным" аттуу ырын бул жолу Ален Офойо менен аткарды.

Марат Ибраев жана Ксения Палкина эл алдына "Надежда" аттуу ыр менен чыгышты.

Спортчу жигиттерден куралган "Тамашоучу" жигиттер элге күлкү тартуулоо учурунда.

Балбан Нурбек Аканов менен Сайкал Садыбакасова "Сүйүү жазы" деген аталыштагы ырды аткарышты.

Энени баалап, урматтоого багытталган "Энекебай" аттуу ыр көпчүлүктүн колдоосуна арзыды. Бул кечеде "Энекебай" деген аталыштагы ырды Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралинов менен Ырыскелди Осмонкулов аткарышты.

"Дем" театрынын актёрлору элдин маанайын жүз пайызга көтөрдү. Алар кыргыз жигити менен казак жигитинин эт туурамай боюнча жарышында жеңүүчүнү аныктап жатышат.

"Элдин алдына чыгып ырдаганга караганда Олимпиада күрөшүү мага жеңил болгон" деди Канатбек Бегалиев толкунданганын жашыра албай. Бек Борбиев Кытайда болуп калганына байланыштуу анын "Кыргызстан" деген аталыштагы ырын балбан жалгыз аткарды.

Кечеде соңку сөз КРнын өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралиновго тапшырылды.
Бүгүн, 16-декабрда КРнын Спорт журналисттер федерациясынын мүчөсү, спорттук баяндамачы Кубан Атабековдун чыгармачылыгынын 10 жылдык мааракесине арналган “Спорт-star” деген аталыштагы концерт болуп өттү.
Анда ата мекендик атактуу спортчулар менен эстрада ырчылары дуэт ырдашты. Саамалыкка Гүлнур Сатылганова, Динара Акулова баштаган бир катар сахна адамдары жана Каныбек Осмоналиев, Канатбек Бегалиев, Ксения Палкина сыяктуу спорт чеберлери катышышты.
Спортчулар менен ырчылардын дуэти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Азаматсынар абдан жакшы проект болуптур,
Кыргыздын спорчуларына бул да болсо чон дем-куч болуп, келечекте жетишкендиктерине колдоо кылып туралы
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
Эскертүү сизге!
Mekenin mederiiiim,
Yiyksyn any sezemiiiin...deit go)))
Molodsy birok,jakwy yrdawyptyr...