Европанын үч өлкөсүнүн президенттери Лукашенко менен чогуу сүрөткө түшүүдөн баш тартышты
Литванын, Латвиянын жана Польшанын президенттери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дубайдагы климат боюнча саммитинде Беларустун президенти Александр Лукашенконун катышуусуна байланыштуу биргелешкен сүрөткө катышуудан баш тартышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Литванын башчысы Гитанас Науседанын айтымында, Беларус өлкөсү "келечектеги дүйнөнү жок кылууга" салым кошууда.
"Бул үй-бүлөлүк сүрөт деп аталат. Лукашенко биз таандык болгубуз келген үй-бүлөгө таандык эмес", - деп кошумчалаган ал.
Буга чейин Литва, Латвия жана Эстониянын тышкы иштер министрлери орусиялык кесиптеши Сергей Лавровдун катышуусуна байланыштуу ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуудан баш тартышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.