super.kg logo

Бишкекте орусиялык режиссёр Лариса Садилованын “Она” аттуу тасмасынын бет ачары болду

 
Бишкекте 16-декабрда орусиялык режиссёр Лариса Садилованын “Она” аттуу толук метраждуу көркөм тасмасынын бет ачары болду. Бул тууралуу “Айтыш фильм” киностудиясынын басма сөз кызматынын өкүлү  Чолпон Идирисова билдирди. Анын айтымында, Лариса Садилова көптөгөн эл аралык сыйлыктардын лауреаты болуп эсептелет. “Она” тасмасы жигитинин артынан Москвага келген Мая аттуу тажик кыз тууралуу тартылган. Ал Орусияга келип жигити таштап кеткенин түшүнөт. 
Кыздын ролун 17 жаштагы Дүйшөмбү шаарынын тургуну Нулифар Файзиева жараткан. Фильмдин үстүндө кыргыз, тажик, өзбек улуттарынан турган топ иштеген. Аталган тасма бир нече кинофестивалда сыйлыкка татыктуу болгон. 
Белгилей кетсек, Лариса Садилова КМШ өлкөлөрү арасындагы 3-Эл аралык “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу кинофестивалда калыстар тобун жетектеген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: