super.kg logo

Сот блогер Ырыс Жекшеналиевди актады

 

Блогер Ырыс Жекшеналиев акталды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалымдалгандай, соттук отурум бүгүн, 4-декабрда болуп, жыйынтыгында ага коюлган айыптар алынып, толук акталды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Ырыс Жекшеналиевди "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы" үчүн күнөөлүү деп табууну өтүнгөн.

16-ноябрдагы соттук отурумда прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жекшеналиев былтыр 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин "Жетим-Тоонун" казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, камакка алынган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: