super.kg logo

Бишкекте маршруткалар толугу менен каттамдан качан алынат? Министрдин орун басары жооп берди 

 

Келе жаткан жылдын апрель айына чейин Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык кичи автобустар электроавтобустар жана газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырылат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов бүгүн, 8-декабрда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, декабрь айынын башында Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы 744 автобус алып келген.

"2024-жылдын апрелине карата автобустардын саны 1500 бирдик жана 120 электробусту түзөт, алардын ар бири 4 дизелдик автобусту алмаштырып, 90-100 тонна дизелдик отундун күйүүсүн жокко чыгарат", — деди министрдин орун басары.

Мындан тышкары ал бул жылдын аягына чейин муниципалдык электр такчилерди 120 бирдикке жеткирүү пландалып жатканын белгиледи. Азыркы учурда алардын саны 20ны түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: