super.kg logo

Быйылкы 9 айда өлкөдөгү «Газпромдун» салыктык чегерүүлөрү 5,3 миллиард сомдон ашты

 

Кыргызстандагы «Газпром» тобу боюнча салыктык төлөмдөрдүн көлөмү 2023-жылдын 9 айында 5 млрд 364 млн сомду түздү, 2022-жылдын ушул эле мезгилиндеги төлөмдөрдүн көлөмүнө (3 млрд 683 млн сом) салыштырмалуу өсүш 45%ды түздү.

Компаниялардын ишмердигинин убагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 71 миллиард сомдон ашык каражат которулган, өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 42 миллиард сомдон ашты.

Мындай суммалар компаниялар Кыргызстанда энергоресурс рыногунун ишенимдүү катышуучулары экенин тастыктайт, алар республикага мотор, авиациялык май-отундардын жана жаратылыш газынын туруктуу ташылышын камсыздайт.

Ошондой эле «Газпром» компаниялар тобу өлкөнүн экономикасынын башка секторлорунун өсүшүн өбөлгөлөйт, финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жигердүү катышат жана Кыргызстандын жашоочуларынын жыргалчылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Маалымат иретинде

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында «Газпром» тобунун үч компаниясы иштейт:

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы — компаниянын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары болуп Кыргыз Республикасынын аймагында газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле колдонуудагы газды транспорттоо системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү саналат.

«Газпром нефть Азия» ЖЧКсы — ишкана республиканын аймагында мотор отун-майларын дүң жана чекене сатуу менен алектенет.

«Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» ЖЧКсы — Кыргызстанга авиа отун-майын жеткирүү боюнча логистиканы ишке ашырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: