Медина шаарына элечек кийип барган кыргызстандыктар көпчүлүктү суктандырды (видео)
Медина шаарына умрага барган кыргызстандык аялдар баштарына элечек кийип, көпчүлүктү суктандырышты. Мындай видеону алып баруучу Айзада Жамгырчиева жарыялады.
Анда умрага барган кыргызстандык аялдар баштарына элечек кийип, шаар аралашкан. Жолдон көпчүлүк адамдар элечекке суктанып, айрымдары сүрөткө түшүшкөн.
6-декабрда элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине катталган.
Элечек - аялдардын баш кийимдеринин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон бул баш кийимдин баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар.
Аны айымдар турмушка чыккандан тарта кийип баштаган.
Элечек кышы-жайы дебей аялдардын башынан түшкөн эмес.
Умрага элечек кийип барган кыргыз аялдары көпчүлүктү суктандырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.