super.kg logo

Борбордон алыскы айылдарга чейин: Beeline өлкө боюнча тармактын сапатын жакшыртат 

 

Жылдын аякташы – абдан көп түйшүктү талап кылган убак. Аягына чыга турган көп иштер, ишке ашыруу үчүн көптөгөн идеялар, көптөгөн чалуулар бар. Beeline Кыргызстан уюлдук оператору ушундай түйшүктүү мезгилде да абоненттер ишенимдүү, сапаттуу байланыш менен камсыз болушуна кам көрөт.

Beeline тармакты модернизациялоо жана бүткүл Кыргызстанды камтуу боюнча кеңейтүү иштерин улантууда. Жыл ичинде компания өлкөнүн ар кайсы аймактарында жаңы базалык станцияларды курду жана болгон инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртты, тармактын сыйымдуулугун жана маалыматтарды берүү ылдамдыгын жогорулатты.

Аткарылган иштин жогорку сапаты Speedtest Intelligence® маалыматтарынын негизинде Ookla® тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз изилдөөнүн натыйжалары менен тастыкталат. 2023-жылдын үчүнчү кварталынын көрсөткүчтөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча Beeline Кыргызстан уюлдук оператору Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 4G интернет ылдамдыгы боюнча лидер деп табылды.

Башка аймактар, анын ичинде өлкөнүн алыскы аймактары да көңүл сыртында калбайт. Заманбап дүйнөнү уюлдук байланышсыз элестетүү кыйын болсо да, Кыргызстанда бул жөнөкөй ыңгайлуулуктан ажыраган калк отурукташкан жайлар дагы эле бар. Себептери ар кандай болушу мүмкүн: рельефтин өзгөчөлүктөрү, татаал географиялык жайгашуу, инфраструктуранын жоктугу, радиофобия жана башкалар. Ар кандай кыйынчылыктарга карабастан, Beeline Кыргызстан компаниясы мындай көйгөйлүү аймактар да байланышта болушу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

Уюлдук оператор жакында эле мамлекеттин алдындагы милдеттенмелеринин алкагында бир эле учурда үч жаңы аймакты тармак менен камсыз кылды. Булар Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы алыскы конуштар Беш-Кемпир, Кара-Жыгач жана Карасай.

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Беш-Кемпир айылындагы жаңы базалык станция – Beeline Кыргызстандын жеке иши формалдуу милдеттеринен келип чыккандыгынын ачык мисалы. Айыл тургундарында байланыш кызматтарына жетүүгө болгон күчтүү муктаждык сезилген. Базалык станциянын жайгашкан жерин тандоодо жана анын курулушунун жүрүшүндө компания негизинен жергиликтүү калктын кызыкчылын көздөдү.

– Жетүүгө кыйын болгон пункттарды сапаттуу байланыш менен камсыздоого келгенде, биринчи кезекте анын канчалык кыйын экенин эмес, анын канчалык маанилүү экенин ойлонуш керек деди Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин. – Жакын адамдар менен тыгыз байланышта болуу, өзгөчө кырдаалдарда өз убагында жардам сурап кайрылуу, дүйнөдөгү окуялардан кабардар болуп, заман менен бирге болуу маанилүү. Beeline бул мүмкүнчүлүктү бардык кыргызстандыктарга берүүгө аракет кылат. Бул үчүн биз жаңы базалык станцияларды куруп, иштеп жаткан объектилерди тынымсыз модернизациялап, техникалык параметрлерин жакшыртып, мамлекетке өлкөнүн санариптик өнүгүүсүн камсыздоого жардам беребиз.

Beeline: 25 жылдык мүмкүнчүлүк жана инновация!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: