Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бейбаштыкка шектелип кармалды
Ошто бейбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын бүгүн, 12-декабрда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 29-ноябрда Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде бир жаран жергиликтүү тургунду сабап салганы тууралуу маалымат түшкөн. Анын натыйжасында жабырлануучу денесинен жаракат алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Кармалган жарандын мурда соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.