super.kg logo

Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү

 

Кечээ, 11-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата “Биз коррупцияга каршыбыз” аталышындагы тегерек стол жана семинарлар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган иш-чарага Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин жетекчиликтери катышты. Анын алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү ченемдик укуктук актылар белгиленип өттү.

"Мамлекетибизде жана коомубуздагы болуп жаткан коррупциялык жат көрүнүштөрдү, тактап айтканда опузалап пара алуу, пара берүү, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, бийликтен аша чабуу, мыйзамсыз баюу, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу жана башка кызматтык кылмыштар, анын мамлекеттин өнүгүшүнө жана коомго келип жаткан зыяндуу жактары боюнча кеңири форматта талкуулар жүрдү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин арасында корруциялык көрүнүштөргө мындан ары жол бербөө, алдын алуу, болтурбоо багытындагы иш аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: