super.kg logo

Бишкекте студенттик спектаклдердин эл аралык VIII "Жаңы ысымдар" театр фестивалы өтөт

 

17-22-декабрь күндөрү студенттик спектаклдердин эл аралык VIII "Жаңы ысымдар" театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Искусство университетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль жыл сайын чыгармачыл жаш муундардын, артисттердин, режиссёрлордун, драматургдардын, сынчылардын, сценографтардын театр искусствосуна тиешеси бар кесипте окуп-билим алып жаткан студенттердин, ошондой эле сахна өнөрүнө кызыккан башка профилдеги жаш таланттардын сахна өнөрүндөгү профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажрыйба алмашуу максатында өтүп келет.

Белгилей кетсек, фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университети тарабынан уюштурулуп өткөрүлөт.

"Толук маалымат алуу үчүн 0312 661 128, 0704 195 501, 0559 888 156 (whatsapp), 0701 448 402 номерлерине кайрылсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: