Мирбек Шамырканов Чоң-Алай районунун акими болуп дайындалды
Мирбек Шамырканов Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Шамырканов Мирбек Турдубекович Чоң-Алай районунун акими болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Шамырканов 1982-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. 2019-жылдан бери Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы кызматын аркалап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

